2-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун прокуратуранын Орусиядагы иштердин негизинде түзгөн арызын канааттандыруусуз калтырганы күтүүсүз болду.
Массимо Интровинье
Read the original article in English.


2021-жылдын 2-декабрында Кыргызстанда дин эркиндигине байланыштуу чоң жеңиш болду. Ал күнү эртең менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Жахабанын Күбөлөрүнүн бир нече китеби менен китепчелерин “экстремисттик” деп таап аларга тыюу салынышын талап кылган Башкы прокуратурага каршы чечим чыгарды. Бул сот ишине чейин эле ушул жылдын башында Жахабанын Күбөлөрүнүн Кыргызстандагы Борборунда рейд жүргүзүлгөн. Ошондо Башкы прокуратура ал иш-аракетин Жахабанын Күбөлөрүнүн Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнө толугу менен тыюу салуу максатында шилтенген биринчи кадам деп сыпаттаган. Сотко тапшырылган арыз Орусиядагы антикульттук адабияттардын таасирине алдырган кыргыз “эксперттердин” ой-пикирлеринин негизинде түзүлгөн.
Сот иши башталган күнгө чейин эле эл аралык маалымат каражаттары, алардын ичинде “Вашингтон пост” басылмасы да Жахабанын Күбөлөрүнүн адабияттарына “экстремисттик” деген айып менен сот тарабынан тыюу салынат деп маалымдашкан. Иштин саясий боёгу менен Орусиянын кошуна өлкөлөргө көрсөткөн кысымын эске алганда, иштин башкача чечилиши мүмкүн эместей көрүнгөн. Себеби мындай чечим Жахабанын Күбөлөрүн “жоюп”, куугунтуктап келатканы үчүн эл аралык уюмдар менен демократиялык өлкөлөрдүн көпчүлүгү тарабынан катуу сынга алынган Орусия бийлик башындагыларга иш-аракеттеринин тууралыгын бышыктоого, актоого жол ачмак.
Ошон үчүн соттун прокурор козгогон ишти “кароосуз калтырганы” чынында эле күтүүсүз болду, ошол эле учурда Кыргызстандын сот системасынын аброюн көтөрүп, көз карандысыздыгын тастыктады. Сот чечимди Жахабанын Күбөлөрү тапшырган каршы пикирди, кыргыз эксперттердин пикирлерине каршы келген пикирди камтыган Розита Шорытенин (“Ызгардуу кыш” деген журналынын редакторунун орун басары, адам укуктары боюнча тажрыйбасы чоң мурдагы дипломат) жана ага кол койгон бир катар кишилердин эксперттик жыйынтыгын изилдегенден кийин чыгарды.
Кыргыз эксперттер менен прокурор жалпы жонунан үч аргументке таянышкан. Биринчиси жөн эле жалган маалымат. Прокурор Жахабанын Күбөлөрү мыйзамга баш ийген жарандар экенин тастыктаган эл аралык илимий эмгектерди көз жаздымда калтырып, аларды каралаган маалыматтарды жайылткан белгисиз сайтка таянып эле, аларды зордуктоого, киши өлтүрүүгө үндөп, сойкулук сыяктуу иштерди кылып, өзүн өзү өлтүрүүгө жана башка ар кандай кылмыштарга тукуруп келишет деп айып таккан. Жахабанын Күбөлөрү тууралуу азын-оолак маалыматы бар киши да мындай айыптоолордун күлкүнү келтирерлик экенине кошулат. Ал эми прокурордун буга ишенгени тынчсыздандырбай койбойт.
Экинчиден Жахабанын Күбөлөрү “мамлекетке каршы” деген аргумент келтирилген. Себеби алар аскердик кызматты өтөөгө абийири жол бербегендиктен андан баш тартышарын ачык билдиришет, желекке таазим кылышпай, шайлоого катышышпайт, ошондой эле Ыйык Китепте айтылгандарга бек кармангандыктан кан куйдурушпайт. Негизи мындай айып бул суроолор боюнча алардын көз карашы туура эмес түшүндүрүлүп келгендиктен коюлуп келет. Дүйнө жүзүндөгү соттор, алардын ичинде АКШнын Жогорку соту менен Адам укуктары боюнча Европа соту аскер кызматын өтөөдөн абийири жол бербегендиктен баш тарткан Жахабанын Күбөлөрү бул маселени чечүүнүн жакшы жолун көрсөткөндүктөн тийиштүү чечимдер чыгарылганын, пайдасы башка диний жана диний эмес топторго да тийип жатканын баса белгилешүүдө.
Канга байланыштуу маселеде болсо алар бейтаптын дарылоо ыкмасын тандаганга укугу бар деген маанилүү принцип үчүн күрөшүп келишкен. Мунун менен алар дарылоодо коопсуз кан алмаштыруучу заттардын колдонулушуна жол ачып, медицинанын бул жагынан ийгиликтерге жетишишине салым кошту. Бүгүн көптөгөн демократиялык өлкөлөр аскер кызматын өтөөдөн абийири жол бербегендиктен баш тартууну мамлекетке “каршы” чыккандык катары эмес, демократиялык мамлекетти коргоонун, анын түпкү маани-маңызын көрсөтүүнүн жолу катары көрүшөт.
Жахабанын Күбөлөрүнүн адабияттарын изилдеген кыргыз эксперттер абийирге байланыштуу маселелер көтөрүлгөндө алар адамдар чыгарган мыйзамдарга эмес, Кудайга баш ийиш керек дешет, бул болсо бийликтерге каршы чыгууга үгүт болуп эсептелет деп айтып чыгышкан. Бирок Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепти окуган Исанын жолдоочуларынын баарына эле тиешелүү принципке карманышат. Ыйык Китепте Петирдин жана башка элчилердин мындай деп айтканы жазылган Элчилер 5:29: “Биз адамдарга эмес, биринчи кезекте башкаруучубуз Кудайга баш ийишибиз керек”. Ыйык Китептен алынган бул үзүндүнү бүт христиандардын баары бирдей түшүндүрүшөт.
Мисалга, римдик католиктер карманышы керек болгон Католик чиркөөсүнүн Катехизисинин 2256-номурда мындай делген: “Эгер жарандык бийликтердин көрсөтмөлөрү моралдык норманын талаптарына карама-каршы келсе, жарандар абийирине жетектелип аларга баш ийбеши керек. “Биз адамдарга эмес, биринчи кезекте башкаруучубуз Кудайга баш ийишибиз керек” (Элчилер 5:29)”. Эгер Элчилер 5:29да айтылгандарга окуткан Жахабанын Күбөлөрү өкмөткө каршы козголоң чыгаргандар болуп эсептелсе, анда римдик католиктерди да, деги эле христианбыз деп аталгандардын баарын өкмөткө каршы чыккан козголоңчулар десе болот.
Өзүбүздүн эксперттик пикирибизде билдиргенибиздей, Жахабанын Күбөлөрү коомдон обочо эмес, арабызда эле жашап жүрүшөт. Анткен менен Исанын бардык жолдоочуларындай эле анын кеңешине ылайык, “дүйнөдөн” болбогонго, ошол эле учурда “дүйнөгө жиберилгендердей” жашоо өткөргөнгө аракет кылышат. Көпчүлүгү “дүйнөдө” башкалардай эле болуп иштеп оокат кылышат, ишенимин бөлүшпөгөндөр менен алака-мамиле түзүп, тынчтыкта жашашат.


Прокурор менен кыргыз “эксперттер” келтирген үчүнчү аргумент учурда Орусияда жүрүп жаткан иштерге негизделген. Ал жакта Жахабанын Күбөлөрү өздөрүнүн динин башка диндерден “жогору” көрүшөт, “чындыкка” окутабыз, бул дүйнө жок кылынганда аман калуунун жалгыз жолун көрсөтүп жатабыз дешкендиктен, аларга “экстремисттер” деген айып тагылууда. Бирок аларга коюлган мындай доо эл аралык илимпоздор, АКШнын дин эркиндиги боюнча эл аралык Комиссиясы жана Адам укуктары боюнча Европа соту тарабынан катуу сынга алынып келет.
Жахабанын Күбөлөрү сотко тапшырган каршы пикиринде жана биздин эксперттик пикирибизде кенен түшүндүрүлгөндөй, мындай көз караш Жахабанын Күбөлөрүнө гана таандык эмес. Алсак, Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзгөн бардык эле диндердин өкүлдөрү, алардын ичинде ислам, римдик католицизм, чыгыш православисин туткандар жалгыз чыныгы динди тутабыз, калган диндердин баары, жаман ою жок болсо да, жалган окууларды жайылтып, мүчөлөрүн түбөлүк өмүрдөн айрылтып жатышат деп окутушат. Анткен менен аларды эч ким экстремисттер деп айыптаган жери жок.
Негизи өзүбүз даярдаган пикирде билдиргенибиздей, биз ондогон жылдардан бери ар кайсы диндерди изилдеп келебиз, анан ушу убакка чейин: “Кутмандуу таңыңыз менен. Сизге өзүмдүн диним жөнүндө айтып берейин дедим эле. Анын чындыкка окутар-окутпасын, башка диндерге салыштырмалуу чын-жалган экенин айта албайм”,- деп айткан бир да диндин өкүлүн жолуктурган жокпуз. Эгер Жахабанын Күбөлөрү өздөрүнүн динин “чыныгы” деп эсептегени үчүн эле “экстремисттер” деп айыпталып жатышса, анда Кыргызстанда иш жүргүзгөн калган негизги диндердин өкүлдөрүнө да ошондой айып такса болот.
Кыргыз “эксперттер” менен прокурор булак катары антикульттук агымдардын адабияттарын, алардын мүчөлөрүнүн көчөгө чыгып, Жахабанын Күбөлөрүнө каршы уюштурган акцияларын факт катары колдонушкан. Бул Орусиядагы мамлекеттик жана жеке (же жарым-жартылай мамлекеттик болгон) антикульттук күчтөрдүн Кыргызстанга да таасирин тийгизип жатканынан кабар берет. Бирок мындайда мамлекеттер ошо сыяктуу антикульттук топтордун тарабын ээлегендин ордуна, эч кимге зыян келтирбей тынч жашоо өткөрүп жүргөн жарандарын коргошу керек.
Кыргызстандагы Жахабанын Күбөлөрүнүн көйгөйлөрү ушуну менен эле токтоп калбайт көрүнөт, анткени прокурор арызын башкача түзүп кайра сотко кайрылышы мүмкүн. Ошентсе да 2-декабрда чыгарылган чечимди жакшылыктын жышааны десе болот. Балким, Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдө Жахабанын Күбөлөрү көбүрөөк таанылып, алар тууралуу илимий адабияттар көбүрөөк жеткиликтүү болгондо алардын дин эркиндигине жасалган юридикалык мындай чабуулдар азаяттыр. Өз кезегинде мунун пайдасы басмырланып калуу (дискриминацияга кабылуу) ыктымалдыгы жогору болгон башка диний топторго тийбей койбойт.